Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Алёшин Юрий Георгиевич

Алёшин Юрий Георгиевич

Алёшин Юрий Георгиевич

Алёшин Юрий Георгиевич



Техникалык илимдердин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиялык кеңешчиси, илимдер академиясынын ардактуу кызматкери, СССРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

1944-жылы төрөлгөн. 1973-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.

Иш чөйрөсү - маалыматтык системалар, метрология жана прибор куруу.

Илимий прибор куруу тармагында таанылган окумуштуу, электрондук-акустикалык приборлордун оригиналдуу инженердик иштеп чыгууларынын бир нече автору. Жер илимдери, прибор куруу, маалыматтык системалар, тоо жыныстарынын, курулуш материалдарынын сапатын контролдоо ыкмаларын жана каражаттарын иштеп чыгуу чөйрөсүндө активдүү иштеп жаткан аз гана адистердин бири. Анын тарабынан түзүлгөн автономдук ташуу приборлору, республикадагы ишканаларда колдонулуп, жаратылыш таштарынын сапатын контролдоо боюнча жогорку натыйжалуулугун көрсөттү.

150дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган, 5 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Тоо жыныстарынын кыйрашы процессин мониторингдөө ыкмасы жана аны ишке ашыруу үчүн автоматташтырылган система. Автордук күбөлүк № 1644514, 1991.
2. Тоо жыныстарынын сокку коркунучтуу абалын сейсмоакустикалык таануу ыкмасы жана аны ишке ашыруу үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк №1652609, 1991.
3. Тоо-геологиялык соккулардын алдын алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк №16-45558, 1991.
4. Тоо жыныстарынын туруктуулугун контролдоо ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1710732, 1992.
5. Тоо жыныстарынын коркунучтуу абалын таануу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1802158, 1993.
23-09-2017, 14:00
Вернуться назад