
Алымкулов Карыпбек Алымкулович
Техникалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын жана Эл аралык инженердик академиясынын чыныгы мүчөсү, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги.
1938-жылы төрөлгөн. 1960-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. Азыркы учурда «Электротехника» ААКнын илимий-техникалык борборунда иштейт, директорлор кеңешинин мүчөсү. Кичи кубаттагы электр кыймылдаткычтарынын тармагында ири адис. Анын жетекчилиги астында иштелип чыккан жалпы өнөр жай, атайын жана үйдүк колдонууга арналган электр кыймылдаткычтары 20дан ашык заводдо, анын ичинде Кыргызстанда да серия менен чыгарылат. Илимий ишмердүүлүгүн илимий жана инженердик кадрларды даярдоо менен айкалыштырат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары, «Эмгек ветераны» медалы (1987), Манас ордени 3-деп (2006), «Данк» (2000) менен сыйланган.
250дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 20 монографиясы жарыяланган, 10дон ашык ойлоп табуулардын автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Папка машинасынын форматтык фалынан картон листтерин кесүү жана алуу үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 395536, 1973.
2. Термосуруп алынуучу түтүктөрдү даярдоо үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 923865, 1982.
3. Туруктуу ток үчүн электр кыймылдаткычы. Автордук күбөлүк № 1089746, 1984.
4. Кирпичти күйгүзүү үчүн туннелдик меш. Автордук күбөлүк № 1508071, 1989.
5. Микрогидроэлектр станциясы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 127, 1997.