
Асанов Арстанбек Аблезсович
Техникалык илимдердин доктору, доцент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын корреспондент-мүчөсү.
1952-жылы туулган. 1975-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.
Азыркы учурда - КГУСТАдагы «Строительство» илимий-инновациялык борборунун директору, кошумча «Көтөрүү-транспорттук, курулуш жол машиналары жана жабдуулары» кафедрасынын профессору.
Иш чөйрөсү - жаңы техника жана технологияларды, курулуш материалдары үчүн жабдууларды түзүү. Ишкердик-педагогикалык ишмердүүлүк менен бирге, ал илимий-изилдөө иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, билим, илим жана өндүрүштү интеграциялоо процессине чоң көңүл бурат. Республикадагы курулуш комплексинин жакынкы жылдардагы өнүгүүсүн эске алуу менен негизги курулуш машиналарынын паркынын рационалдык структурасы боюнча сунуштар иштелип чыккан.
Курулуш машиналарынын гидроприводдорун техникалык диагностикалоо үчүн ыкмалары жана каражаттары түзүлгөн, иштөө кубаттуулугун көзөмөлдөө үчүн технологиялык жабдуулар иштелип чыккан. Жеңил бетондон дубал блокторун түзүү үчүн жабдууларды иштеп чыгуу боюнча иштер аткарылган жана алардын даярдыгы боюнча технологиялык регламенттер иштелип чыккан.
Кыргызстандын ЛКСМ борбордук комитетинин Ардак грамотасы менен (1974), Кыргыз Республикасынын грамотасы менен (1992) сыйланган.
90 илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 2 монография, 3 илимий брошюра, 2 окуу куралы, 23 ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Керамикалык буюмдарды кургатуу линиясы. Автордук күбөлүк № 1213324,1984.
2. Керамикалык буюмдарды кургатуу вагонеткаларына жайгаштыруу линиясы. Автордук күбөлүк № 1174272,1985.
3. Саман блокторун алуу үчүн формалоочу жабдык. Автордук күбөлүк №1759628,1992.
4. Керамикалык блокторду боштуктар менен формалоо үчүн шнек прессине жабдык. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 70. 1993.
5. Кирпичти жарым кургак прессдөө ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №71, 1994.