Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бауков Николай Александрович

Бауков Николай Александрович

Бауков Николай Александрович

Бауков Николай Александрович



Техникалык илимдердин кандидаты. 1937-жылы туулган. 1960-жылы Фрунзе политехникалык институтунун энергетика факультетин аяктаган.

Фрунзе политехникалык институтунун илимий-изилдөө секторунда, "Теоретикалык жана жалпы электротехника" кафедрасында улук окутуучу болуп иштеген.

Жылдам иштөөчү электромагниттик тормоздорду изилдөө, иштеп чыгуу жана киргизүү менен байланышкан ири илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин жетекчиси болгон. Иштин натыйжалары Ленин атындагы машина куруу заводунда жана Киров агрегат заводунун филиалында өндүрүшкө киргизилип, 200 миң рубль экономикалык эффект алган.

20 илимий эмгек жарыяланган, анын ичинде 1 монография, 18 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулар:

1. Алмаштырма токтун электродвигатели. Автордук күбөлүк № 609183,1978.
2. Электродвигателдин тормоздук түзүлүшү. Автордук күбөлүк № 773842,1980.
3. Өзүн-өзү тормоздой турган двигатель. Автордук күбөлүк № 1127046,1984.
4. Форсировкасы бар электромагнит. Автордук күбөлүк № 1141456,1986.
5. Электротехникалык тормоз. Автордук күбөлүк № 1374349,1987.
5-10-2017, 22:01
Вернуться назад