Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бекбоев Эркинбек Бекбоевич

Бекбоев Эркинбек Бекбоевич

Бекбоев Эркинбек Бекбоевич

Бекбоев Эркинбек Бекбоевич



1951-жылы туулган. 1978-жылы Кыргыз айыл чарба институтунун гидромелиорация факультетин аяктаган.

Гидравлика жана гидромелиоративдик курулмаларды адиси. Кыргыз айыл чарба институтунун автоматташтырылган системаларды башкаруу лабораториясында иштеп жүрүп, үч келишимдин аткаруучусу болгон. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында гидравликалык түрдө өзгөртүлүүчү орнотмолор менен суу агымын туруктуу кылуучу түзүлүш жана гидравликалык коррекция менен жогорку бьефтин суу деңгээлин жөнгө салуучу түзүлүш өндүрүшкө киргизилген, Панфилов районундагы Чон-Каинда дарыясынын «Джон» каналына суу алуу курулушунун долбоору иштелип чыккан.

51 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулар:

1. Тосмо курулуш. Автордук күбөлүк № 1738909, 1992.
2. Жогорку бьефтин суу деңгээлин жөнгө салуучу. Автордук күбөлүк № 1800448, 1993.
3. Ачык агымда толкундарды басаңдатуучу түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1413186, 1992.
4. Жылдам агымдагы каналдарда суу деңгээлин жөнгө салуучу. Автордук күбөлүк № 1705805, 1988.
5. Кургак агымдагы каналдар үчүн суу алуу курулушу. Автордук күбөлүк № 1231118, 1986.
5-10-2017, 22:23
Вернуться назад