Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бексаков Есенгельды Бексакович

Бексаков Есенгельды Бексакович

Бексаков Есенгельды Бексакович

Бексаков Есенгельды Бексакович



Техникалык илимдердин доктуру, профессор. 1942-жылы туулган. 1966-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган, 1972-жылы Германиянын Фрайберг тоо академиясынын аспирантурасын аяктаган.

Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, илимий-изилдөө секторунун начальниги, улук илимий кызматкер, лабораториянын жетекчиси, бөлүмдүн жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын НАНнын “Тоо-Кен” илимий-техникалык борборунун директору болуп иштеген.

Учурда Кыргыз Республикасынын НАНнын Машиналар институтунда «Жарылуусуз күчтүү тоо жыныстарын бузуу технологиясы» лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.

Тоо-кен жана курулуш-жол машиналарын өндүрүү, жер астында курулуш технологиясы боюнча адис.

Армениядагы катастрофалык жер титирөөдөн кийинки кесепеттерди жоюу боюнча иштерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн «Жеке эрдик үчүн» орден менен сыйланган.

Анын жетекчилиги астында 4 кандидаттык диссертация корголгон.

46дан ашык илимий эмгектер жарыяланган, 10 патенттин автору.

Негизги ойлоп табуулар:

1. Буроо машиналары үчүн манипулятор. Автордук күбөлүк № 928000,1982.
2. Бурильные машиналары үчүн манипулятор. Автордук күбөлүк № 976053,1982.
3. Бурильные машиналары үчүн манипулятор. Автордук күбөлүк № 1190018,1985.
9-10-2017, 20:59
Вернуться назад