
Бочкарёв Игорь Викторович
Техникалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасындагы эмгек сиңирген ойлоп табуучу.
1951-жылы туулган. 1973-жылы Фрунзе политехникалык институтун “Электр машиналары жана аппараттары” адистиги боюнча аяктаган.
Электромеханика, автоматташтыруу жана өндүрүш процессин механизациялоо тармагында адис.
СССРдин ВДНХсынын куюн медалы, “Болгария-88” эл аралык көргөзмөсүнүн дипломдору жана Кыргыз ССРдин ВДНХсынын дипломдору менен сыйланган.
180ден ашык илимий эмгектерди, анын ичинде 4 монографияны жарыялаган. 68 ойлоп табуунун автору, анын 12си өндүрүшкө киргизилген. Куба Республикасында 4 патенти бар.
Өндүрүшкө киргизилген негизги ойлоп табуулар:
1. Асинхрондук электр кыймылдаткычы. Авт. св. № 817875, 1981, В. И. Ленин атындагы машина куруу заводунда киргизилген.
2. Электр машиналарынын ороосунун температурасын өлчөөчү түзүлүш. Авт. св. № 1108337, 1984, “Звездочка” өндүрүш бирикмесинде, Россия.
3. Электромагниттик механизмдин иштешин көзөмөлдөөчү түзүлүш. Авт. св. №1797099, 1993, “Динамо” заводунда, Москва.
4. Электр кыймылдаткычынын электромагниттик трос тормозу. Авт. св. № 1450043, 1989, В. И. Ленин атындагы машина куруу заводунда киргизилген.
5. Автоматтык туруктуулукка ээ асинхрондук электр кыймылдаткычы. Патент CU № 21792, 1988, Куба Республикасында киргизилген.