Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бочкарёв Яков Васильевич

Бочкарёв Яков Васильевич

Бочкарёв Яков Васильевич

Бочкарёв Яков Васильевич



Техникалык илимдердин доктору, профессор, Россиянын айыл чарба илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

1928-жылы туулган. 1954-жылы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган.

Гидравлика жана автоматташтыруу кафедрасынын жетекчиси, гидромелиорация факультетинин деканы, Скрябин атындагы КСХИнин илимий иштер боюнча проректору болуп иштеген.

Гидравликалык автоматташтыруу боюнча ири адис.

Эмгекчил илимий иши жана адистерди даярдаганы үчүн “Почет белгиси” ордени жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Анын жетекчилиги астында 5 докторлук жана 37 кандидаттык диссертация корголгон.

300дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монография, 8 окуу китеби жана окуу куралдары, 156 ойлоп табуу автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Гидротехникалык курулуштун бьефиндеги суу деңгээлин сактоо үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 684096, 1979.
2. Тазалоо шлюздарынын затворун башкаруу үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 8961167, 1982.
3. Жогорку бьефтин суу деңгээлин жөнгө салуучу. Автордук күбөлүк № 9324168, 1979.
4. Тоолуу аймактардагы дарыялар үчүн суу алуу курулушунун автоматтык затвори. Автордук күбөлүк № 1136117, 1985.
5. Суу агымын стабилдештирүүчү түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1734078, 1992.
9-10-2017, 22:22
Вернуться назад