
Брякин Иван Васильевич
Техникалык илимдердин кандидаты. 1958-жылы туулган. “Автоматизация жана машина куруу өнөр жайында комплекстүү механизация” адистиги боюнча Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматтандыруу жана маалымат технологиялары институтунун маалыматтык өлчөө системалары лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.
Илимий изилдөөлөрдүн чөйрөсү - өндүрүштүк технологиялык процесстердин параметрлерин көзөмөлдөө системалары жана өлчөө- эсептөө комплекстер.
40тан ашык илимий эмгектери жарыяланган, 12 ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Алмаштыргыч токтун электр жетеги. Автордук күбөлүк № 1261017,1986.
2. Туруктуу токтун электромагнитин башкаруу үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1282266,1987.
3. Электромагнитти башкаруу үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1295458,1987.
4. Электр жана электр эмес өлчөмдөрдү өлчөө ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1649460,1991.
5. Жипчелүү материалдардын сызыктуу тыгыздыгын өлчөө үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 176052,1993.