Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Бургеев Жолдошбай Асангазиевич

Бургеев Жолдошбай Асангазиевич

Бургеев Жолдошбай Асангазиевич

Бургеев Жолдошбай Асангазиевич



951-жылы төрөлгөн. 1974-жылы Фрунзе политехникалык институтунун энергетика факультетин аяктаган.

СССРдин Аалымдар академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун атайын конструктордук бюросунда башкы конструктор болуп иштеген.

Анын негизги эмгектери космосту изилдөө маселелерине арналган.

Иштеп чыгуучу, рационализатордук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн бир нече жолу СССРдин Аалымдар академиясынын ИКИ ОКБсынын, РК ЛКСМдин жана РК КПнын Ардак грамоталары менен сыйланган, СССРдин ИКИ ОКБсынын Ардак китебине киргизилген, СССРдин ВДНХсынын кумуш медалы, “XI беш жылдыкта Ударник” белгиси, “Эмгек отличиялары үчүн” медалы менен сыйланган.

6 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Тиристордук туруктуу ток стабилизатору. Автордук күбөлүк № 1293717,1987.
2. Туруктуу токтун стабилизирлөөчү булагы. Автордук күбөлүк № 1709287,1992.
3. Туруктуу токтун эки такттуу өзгөртмөсүнүн транзистордук ачкычтарын башкаруу үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1525848, 1989.
4. Туруктуу токтун энергия булагын жүктөмдөн жана кыска туташуулардан коргоо түзүлүшү. Автордук күбөлүк № 1015362,1983.
5. Туруктуу токтун энергия булагын жүктөмдөн жана кыска туташуулардан коргоо түзүлүшү. Автордук күбөлүк № 1582183,1990.
10-10-2017, 20:28
Вернуться назад