
Гусев Борис Николаевич
Биология боюнча илимдин кандидаты, Кыргыз ССРинин илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
1941-жылы төрөлгөн. Институтту аяктаган соң, эмгек жолун Кыргыз ССРинин Биохимия жана физиология институтунда баштаган.
Жаныбарлардын вирусологиясы боюнча адис, ооз аркылуу колдонулуучу вакцина жана койлордун шеш оорусуна каршы вакциналарды даярдоонун жаңы технологиясын иштеп чыгуу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт, ошондой эле контагиоздук эктима жана хламидиялык аборттун козгогучтарынын иммунопатогенезин жана иммунобиологиялык касиеттерин изилдейт.
Гусев Б. Н. катышкан изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча киргизилген:
- Контагиоздук пустулездик дерматитке (стоматитке) каршы жандуу культуралык вирус-вакцина;
- Агроөнөр жай жаныбарларынын хламидиоздорун диагностикалоо үчүн комплект.
Бүткүл союздук жаштардын илимий-техникалык чыгармачылык сынагында лауреат, “Кыргыз ССРинин ВДНХ катышуучусу” медалы жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамотасы жана Кыргыз ССРинин АН ВОИР Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
60тан ашык илимий эмгектери жарыяланган, 13 ойлоп табуу автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Койлор жана козулар үчүн контагиоздук эктимага каршы культуралык вакцинаны алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 751103,1980.
2. Койлордун контагиоздук эктима вирусунун “Л-1” вакциналык штаммы. Автордук күбөлүк №764389,1980.
3. Койлор жана козулар үчүн энзоотикалык хламидиялык абортту диагностикалоо үчүн антиген алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1181172,1985.
4. Агроөнөр жай жаныбарларынын жана койлордун абортун жараткан хламидияларды өстүрүү үчүн Mus musculus клеткаларынын штаммы. Автордук күбөлүк № 1482191,1989.
5. Койлор жана козулар үчүн хламидиялык абортту диагностикалоо үчүн препараттар даярдоодо колдонулган Chlamydia psittaci хламидиясынын штаммы. Автордук күбөлүк № 1515691,1989.