
Жуматаев Мурат Садырыбекович
Техникалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.
1957-жылы туулган. 1978-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.
Учурда - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машиналар институтунун директору жана Диссертациялык кеңештин төрагасы.
Илимий ишмердүүлүгү механизмдерди жана машиналарды өзгөрүлмө структура менен эсептөө жана долбоорлоо, металлдарды басым менен иштетүү үчүн муфтансыз пресстерди анализдөө жана синтездөө, өзгөрүлмө структурадагы шарнир-рычаждуу механизмдерди структуралык жана кинематикалык анализдөө жана синтездөө, өзгөрүлмө структурадагы механизмдери бар машиналардын динамикасын эсептөө боюнча инженердик методдорду иштеп чыгуу менен байланыштуу. Анын илимий эмгектери механизмдер жана машиналар теориясында жаңы багыттын пайда болушуна жана өнүгүшүнө — өзгөрүлмө структурадагы механизмдер теориясына жана алардын негизинде машиналарды конструирлоого жардам берди.
Анын илимий жетекчилиги астында 4 кандидаттык диссертация коргогон.
100дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 2 монография жана 3 окуу куралы, 10 ойлоп табуу автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Тороздук тербелүүлөрдү жоюучу. Автордук күбөлүк № 928874,1982.
2. Механикалык пресс. Автордук күбөлүк № 1389168,1988.
3. Кривошип-ползун механизмдеринин инерция күчтөрүн теңдештирүүчү түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1310647,1987.
4. Рычаждуу механизм. Автордук күбөлүк № 1472730,1989.
5. Кривошип-кулис механизм. Автордук күбөлүк № 1670256,1991.