
Жеенбаев Жаныбек Жеенбаевич
Физика-математика или илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россия Федерациясынын Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын чыныгы мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
1931-жылы туулган. 1950-жылы Пржевальск шаарындагы Мугалимдер институтун, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин аяктаган.
Төмөн температурадагы плазма атомдук спектроскопиясы тармагында ири окумуштуу катары белгилүү. Анын изилдөөлөрүнүн натыйжалары жана электродуга плазмасын диагностикалоо үчүн иштеп чыккан эксперименталдык жана теориялык методдор комплекси, илим жана техникада колдонулган бир каналдуу, эки жана үч струйлуу плазматрондордун принципиалдуу жаңы конструкцияларын түзүүгө мүмкүндүк берди. Ал плазматрондорду колдонуу менен спектралдык анализ тармагында илимий изилдөөлөр менен алектенген, кесүүчү аспаптардын жана башка машиналардын бөлүктөрүн бекемдөө үчүн плазмалык жана лазердик технологияларды колдонгон.
СССРдин үч медалдары, Кыргыз Республикасынын “Данк” медалы, КПССтин Борбордук Комитетинин, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПС жана ВЛКСМдин Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы, Кыргызстандын КП Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы, “Знание” коомунун жана Кыргызстандын ЛКСМ Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Анын жетекчилиги астында 18 кандидат, 2 илим доктору даярдалган
300дөн ашык илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 9 монография, 37ден ашык ойлоп табууларга автор.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Эмульсиялардын спектрлерин козгоп алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 274478, 1970-жыл.
2. Электродуга эки струйлуу плазматрон. Автордук күбөлүк № 1072773, 1982-жыл.
3. Буюмдардын бетин иштетүү үчүн плазма-дуга орнотулмасы. Автордук күбөлүк № 1669383, 1991-жыл.
4. Спектралдык анализ үчүн электродуга плазматрон. Автордук күбөлүк № 1631312, 1991-жыл.
5. Термостойкий керамика жана буюмдарды даярдоо ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 85, 1996-жыл.