
Живоглядов Валерий Петрович
Техникалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
1938-жылы туулган. 1960-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.
Учурда КРСУнун электрондук билим менеджменти борборунун директору болуп иштеп жатат.
Негизги илимий багыты - башкаруу процесстерин информатизациялоо жана компьютердик маалыматтык системаларды интеллектуалдаштыруу.
“Данк” жана “Эмгек сиңирген” медалдары, «Дана- кер» ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы, СССР ВДНХ медалдары менен сыйланган. Америка Кошмо Штаттарынын Джексон жана Клинтон шаарларынын ардактуу жараны.
Анын жетекчилиги астында 3 доктордук жана 21 кандидаттык диссертация корголгон.
270тен ашык илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 10 монография, 5 ойлоп табуу автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Кыймылдагы беттердин ылдамдыгын аныктоочу эсептөөчү түзмөктөр. Автордук күбөлүк № 225578.1968.
2. Шардык тегирмендердеги майдалоо процессин автоматташтыруу үчүн бөлүнгөн контролдун сигналын формалоо ыкмасы. Автордук күбөлүк № 374098,1973.
3. Мельницага шихт компоненттеринин чыгым процессин башкаруу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 946669,1982.
4. Айлануучу мештин ишин башкаруу үчүн автоматташтырылган комплекс. Автордук күбөлүк № 827944,1981.
5. Айлануучу мештин ишин жөнгө салуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 974074,1982.