
Зотов Евгений Петрович
Фармацевтикалык илимдердин кандидаты. 1925-жылы туулган. 1955-жылы чет тилдери боюнча аскердик институтту, 1968-жылы Ташкент фармацевтикалык институтун аяктаган.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 20 медаль жана ордендер менен сыйланган, СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы Командуучусунан 18 ыраазычылык катын алган.
СССРдин ВДНХ дипломунун, ПНРдеги Эл аралык көргөзмөнүн Ардак дипломунун, Кыргыз ССРинин ВДНХсынын I даражадагы дипломунун жана алтын медалынын ээси, 2001-жылы Кыргызпатент тарабынан уюштурулган ойлоп табуучулар конкурсуна жеңүүчү.
40тан ашык илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 3 монография, 40 ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Биопаста “Гиппофеол”. Автордук күбөлүк № 1297273,1987.
2. Азык-түлүк продукты “Мелапол”. Автордук күбөлүк № 1549523,1990.
3. Бальзамдык май “Карагай”. Автордук күбөлүк № 1794454,1993.
4. Бальзам үчүн ингредиенттердин композициясы. Кыргыз Республикасынын патенти № 301,2000.
5. Зотовдун эректори. Кыргыз Республикасынын патенти № 308,2001.