Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Ибрагимов Абдулхай Аюпович

Ибрагимов Абдулхай Аюпович

Ибрагимов Абдулхай Аюпович

Ибрагимов Абдулхай Аюпович



1912-жылы туулган. Ташкент электрлендирүү жана механизация институтун аяктаган.

Изилдөө иштеринин негизги багыты жер үстүндөгү жана жер астындагы объекттердин абанын ионизация деңгээлдерин изилдөө, эки тараптуу жеңил (молекулярдык) аэроиондордун концентрациясынын өзгөрүү мыйзамдарын аныктоо жана кээ бир оор аэроиондордун (заряддалган аэрозолдордун) концентрацияларын аныктоо, ошондой эле бардык түрдөгү аэроиондорду баалоо жана натыйжалуу пайдалануу методдорун иштеп чыгуу менен байланыштуу.

СССРдин ВДНХсында “СССРдин эл чарбасын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери үчүн” күмүш жана бронза медалдары менен сыйланган.

2004-жылга чейин Кыргыз Республикасынын акушерство жана педиатрия институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.

Климато-физиотерапияда аэроионизация факторун пайдалануу маселелери боюнча 20дан ашык макала жана 4 ойлоп табуу автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Ибрагимовдун аэроионометри. Россия Федерациясынын патенти № 1235005,1993.
2. Ибрагимовдун аэроионометри. Кыргыз Республикасынын патенти № 50,1996.
3. Аэроионизатор. Кыргыз Республикасынын патенти № 309,2001.
4. Ибрагимовдун асма аэроионизатору. Кыргыз Республикасынын патенти №516,2002.
18-10-2017, 19:21
Вернуться назад