Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Иманалиев Мамбеталы

Иманалиев Мамбеталы

Иманалиев Мамбеталы

Иманалиев Мамбеталы



Ветеринария боюнча илимдердин доктуру, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ветеринардык дарыгери.

1930-жылы туулган. 1953-жылы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган.

Учурда Кыргызстандын А. Дуйшеев атындагы мал чарбачылыгы, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун эпизитология бөлүмүндө башкы илимий кызматкер болуп иштейт.

Анын түзгөн вакциналары жүнчүк, тайлак, чочконун ичеги-карын инфекцияларын алдын алуу үчүн ветеринардык практикада ийгиликтүү колдонулууда.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, “Эмгеги үчүн” медалына ээ.

110дан ашык илимий эмгектери жарыяланган, 5 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Антимикробдук жана антигельминттик касиетке ээ салицилат анилина. Автордук күбөлүк № 677791,1979.
2. Антимикробдук касиетке ээ гексаметилентетраминсульфасалицилат. Автордук күбөлүк № 1083591,1984.
3. Тайлактардын колибактериозуна каршы вакцинаны алуу жолу. Автордук күбөлүк № 1697316,1991.
4. Жаңы төрөлгөн тайлактарды колибактериоздон алдын алуу үчүн бөксө короздорду иммундаштыруу жолу. Автордук күбөлүк № 1656717,1991.
5. Жаңы төрөлгөн тайлактарды колибактериоздон иммундаштыруу жолу. Автордук күбөлүк № 1755441,1992.
18-10-2017, 21:30
Вернуться назад