
Исаев Асылбек Мухамбетович
1951-жылы туулган. Ленинград инженердик-курулуш институтун аяктаган.
Специализациясы - суу камсыздоо жана суу чыгаруу.
Азыркы учурда «Бишкекводоканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын начальниги болуп иштейт.
«Манас-1000» (1995) мамлекеттик эскерүү медалы менен, «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» (19%) менен сыйланган.
«Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагында эмгеги сиңген кызматкер» ардак наамына ээ (2006).
3 макала жарыяланган: «Текстиль өнөр жайынын саркынды сууларын тазалоо» КирНИОЭ (1977), «Кыргызстандын активдештирилген көмүрлөрүн текстиль өнөр жайынын саркынды сууларын боёктордон тазалоо үчүн колдонуу» КирНИОЭ (1977), «Бишкек шаарынын суу камсыздоо проблемалары, Кыргызстан» Нью-Йорк, БУУнун «Суу булактары» жыйнагы (1993).
Негизги ойлоп табуулар:
1. Скважинадан суу соруп алуу үчүн түзүлүш. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигинде патент № 76,19%.
2. Буроо скважинасынан суу берүү системасы. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигинде патент № 840,2005.
3. Буроодон обсадалык колоннаны чыгаруу ыкмасы жана түзүлүшү. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигинде патент №816,2005.
4. Скважиналык насос агрегаты. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигинде патент № 788,2005.
5. Суу чөгөрүүчү электронасос. Кыргыз Республикасынын арыз берүүчүнүн жоопкерчилигинде патент № 673,2004.