
Каримов Ташмухамед Халмухамедович
Техникалык илимдердин кандидаты. 1958-жылы туулган. Фрунзе политехникалык институтун «Суу камсыздоо жана канализация» адистиги боюнча инженердик-курулуш факультетин аяктаган, Украина илимдер академиясында аспирантурада окуган.
Кандидаттык диссертациясын 1995-жылы «Органикалык боёктордон жугуштуу сууларды электромембрандык тазалоо» темасында коргогон.
Табигый жана жугуштуу сууларды тазалоо технологиясына адистешкен.
Учурда КГУСТАнын экология жана энергияны үнөмдөө институтунун директору болуп иштейт.
Суу камсыздоо жана суу чыгаруу, табигый жана жугуштуу сууларды тазалоо боюнча 70тен ашык жарыяланган макаласы, 2 монографиясы, 2 окуу китеби бар. 9 ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Көп резервуарлуу өз алдынча системаларда суу берүүдү жөнгө салуу системасы. А.с.№ 1226419,1984.
2. Табигый жана жугуштуу сууларды биологиялык тазалоо үчүн установка. Кыргыз Республикасынын арыз берүүсү боюнча патент № 898,2006;
3. Табигый сууларды тазалоо үчүн установка. Кыргыз Республикасынын арыз берүүсү боюнча патент № 690,2004.
4. Сууну тазалоо үчүн фильтр. Кыргыз Республикасынын арыз берүүсү боюнча патент № 518,2002.
5. Сууну тазалоо үчүн үй фильтри. Кыргыз Республикасынын арыз берүүсү боюнча патент № 527,2002.