Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Касымбеков Бейшебай

Касымбеков Бейшебай

Касымбеков Бейшебай

Касымбеков Бейшебай



Ветеринардык илимдердин доктуру, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимпозу. 1933-жылы туулган. 1955-жылы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган.

Учурда А. Дуйшеев атындагы Кыргыз айыл чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун паразитология бөлүмүндө башкы илимий кызматкер болуп иштейт.

Жаныбарлардын паразитологиясы боюнча адис. Ал койлор жана ири мүйүздүү малдардагы гельминттердин түрлөрүн тактап, койлор жана ири мүйүздүү малдардагы негизги гельминтоздорго каршы чаралар системасын иштеп чыккан, гельминтоздорду дарылоо жана алдын алуу үчүн топтук методду иштеп чыккан.

Анын жетекчилиги астында 4 докторлук жана 10 кандидаттык диссертация корголгон.

200дөн ашык илимий эмгектер жарыяланган, 4 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Жаныбарлардын жыныс бездеринин функциясын басаңдаткан Морфолин-З-карбоксиА-гидроксибензолсульфонат. Автордук күбөлүк № 1449886,1989.
2. Койлордун аралаш мониезиозо-трихостронгилездик инвазияларын дарылоо жана алдын алуу ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 262,1998.
3. Салицилово-формальдегиддик смоланы алуу ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №257,1998.
4. Койлордун мониезиоздорун дарылоо ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 437,2001.
19-10-2017, 21:32
Вернуться назад