
Кидибаев Мустафа Мусаевич
Физика-математика или доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Америка биографиялык институтунун Консультативдик Кеңешинин ардактуу мүчөсү.
1950-жылы төрөлгөн. 1972-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.
Учурда Кыргыз Республикасынын НАН Физика институтунун кристаллофизика лабораториясынын жетекчиси, башкы илимий кызматкер.
Доктордук диссертацияларды коргоо боюнча Физика институтунун адистештирилген кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасында “Чөйрөнү коргоо” жана “Дозиметриялык кристалдарды иштеп чыгуу жана колдонуу” Улуттук программасында катышкан.
Анын жетекчилиги астында 11 кандидаттык жана 4 доктордук диссертация корголгон.
332ден ашык илимий эмгектери, 2 монографиясы жана жогорку окуу жайлары үчүн 17 окуу китеби жана окуу куралы жарык көргөн. 12 автордук күбөлүгү жана 9 патенти (7 Евразиялык) бар. Кыргыз Республикасынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Международдук рейтингдик технологиялар жана социология академиясынын “Алтын Фортуна” Серебряная Георгиевская медалынын “Честь, Слава Труд” 3-степени (2003), Америка биографиялык институтунун “Жылдын адамы-2000” наамына ээ болгон (2000).
Негизги ойлоп табуулары:
1. Фтористи литий негизиндеги дозиметриялык монокристалл алуу үчүн курамы. Автордук күбөлүк № 1075676,1983.
2. Неорганикалык сцинтиллятор. Автордук күбөлүк № 1300458,1986.
3. Термолюминофор. Автордук күбөлүк № 1570590,1990.
4. Неорганикалык сцинтиллятор. Россия Федерациясынын патенти 2148837,1999.
5. Лазердик чөйрөнү алуу ыкмасы. Кыргыз Республикасынын арыз берүүгө жоопкерчилик менен патенти; № 697,2004.