
Кононов Виктор Сергеевич
Медициналык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери.
1922-жылы туулган. 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.
Кыргыз Республикасынын акушердик жана педиатрия илимдери институтунун балдар хирургиясы бөлүмүнүн башчысы, КГМИнин балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
Балдар хирургиясы, торакалдык хирургия, травматология жана ортопедия тармагында адис. Анын бардык ойлоп табуулары Кыргызстандагы практикалык саламаттык сактоого киргизилген.
“Данк” медалы, Улуу Ата Мекендик согуш ордендери, Кызыл Жылдыз ордени, СССР медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамоталары менен сыйланган.
Анын жетекчилиги астында 2 доктордук жана 32 кандидаттык диссертация корголгон.
300дөн ашык илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 3 монография, 5 окуу китеби жана окуу-методикалык колдонмо, 9 ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Жаңы төрөлгөндөрдүн гематогендик остеомиелитин дарылоо ыкмасы. Автордук күбөлүк №1537261,1989.
2. Балдарда спинномозговой грыжаларды пластика кылуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1766381,1992.
3. Балдарда бауырдын эхинококкозун дарылоо ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1801486,1992.
4. Гематогендик остеомиелитти дарылоо ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 64,1997.
5. Балдарда илеорефлюкс пластикасы ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 392,2000.