
Кулов Кубанычбек Мукамбетович
Техникалык илимдердин кандидаты. 1951-жылы туулган. 1973-жылы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-гидротехник адистиги боюнча аяктаган.
Азыркы учурда Кыргыз Ирригация илимий-изилдөө институтунун директору. Бириккен Улуттар Уюмунун жердин шөлдөшү жана кургакчылыкка каршы Конвенциясын ишке ашыруу боюнча Кыргызстандагы координатор, Устойчивое развитие боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын мүчөсү, Айыл чарба жана суу чарба министрлигинин Инвестициялык кеңешинин мүчөсү.
Ал тамчы менен сугаруу технологиясын изилдеп, ишке киргизген, методикалык сунуштар, технологиялык параметрлер, конструкциялар жана Кыргызстандын шарттарына ылайык системаларды иштеп чыккан, канализациялык сууларды тазалоо жана пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана суу чарба министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
22 илимий макала, брошюра жарыяланган, 12 ойлоп табуу автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Эвапоратор. Автордук күбөлүк № 520544,1976.
2. Тамчы. Автордук күбөлүк № 1287788,1986.
3. Тамчы менен сугаруу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1329684,1987.
4. Сугаруу түтүгү. Автордук күбөлүк № 1727715,1991.
5. Органоминералдык тыңайткычы алуу ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №163,1997.