
Луговская Светлана Александровна
1941-жылы туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетин органикалык химик адистиги боюнча аяктаган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын органикалык химия институтунда иштеген.
Фрунзе биофармацевтикалык заводунда автордук күбөлүк менен корголгон эки онкологияга каршы препарат алынган. Кыргызбиофарм менен биргеликте “COAX”, “СУ” сорбенти, аконит, САД (девясилдин алкалоиддеринин жыйындысы), “СКО” препараты (облепиханын каротиноиддеринин жыйындысы), “ЛАКСЕС” препараты (өсүмдүк шротунун негизинде), “ФАТ” препараты (табактын алкалоиддеринин фракциясы) боюнча техникалык шарттар иштелип чыккан. Шосткин химия реактивдер заводунда “Фруктозаны алуу ыкмасы”, “Инулин өндүрүшүнүн калдыктарын кайра иштетүү ыкмасы”, “Инулин шротунан сульфоуглей алуу ыкмасы” киргизилген.
Иштелип чыккан иштер Кыргыз ССР ВДНХсынын дипломдору, Менделеев атындагы Бүткүл союздук химия коомунун Ардак грамоталары менен белгиленген.
65тен ашык илимий эмгектер жарыяланган, 17 патенттин автору.
Негизги патенттер:
1. D-фруктозаны алуу ыкмасы. Авт. күб. № 312870, 1971.
2. Алантолактонду алуу ыкмасы. Авт. күб. № 727646, 1980.
3. Сульфокатионитти алуу ыкмасы. Авт. күб. № 761479, 1980.
4. Изомердик аралашманы изо- жана алантолактонду алуу ыкмасы. Авт. күб. № 1584343, 1990.
5. Онкологияга каршы активдүүлүккө ээ болгон каражатты алуу ыкмасы. Авт. күб. № 1744814, 1990.