
Маслов Александр Николаевич
1932-жылы төрөлгөн. Фрунзе политехникалык институтунун механикалык факультетин инженер-механик адистиги боюнча аяктаган.
Инженер-конструктор катары негизги иш багыты автоматтык ротордук линиялардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу, ошондой эле оптикалык жана электромагниттик методдор менен буюмдардын бетиндеги жана ички кемчиликтерин жок кылбай текшерүү.
5 илимий-техникалык макала жарыяланган, 18 ойлоп табуунун автору, анын ичинен 10 өндүрүшкө киргизилген.
Негизги ойлоп табуулар:
1. Цилиндр формасындагы буюмдардын бетин жок кылбай текшерүү үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 922618, 1982, Ульяновск шаарында киргизилген.
2. Курутуучу установка. Автордук күбөлүк № 1151795, 1984, Ленин атындагы заводдо киргизилген.
3. Жок кылбай текшерүү үчүн технологиялык ротор. Автордук күбөлүк № 1100499, 1984.
4. Буюмдардын жана материалдардын бетинин сапатын текшерүү үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1260781, 1986.
5. Покрытие жабуу үчүн установка. Автордук күбөлүк № 1288141, 1987.