Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Мельников Борис Ильич

Мельников Борис Ильич

Мельников Борис Ильич

Мельников Борис Ильич



Техникалык илимдердин доктуру, профессор. 1941-жылы туулган. 1969-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-гидротехник адистиги боюнча аяктаган.

Кыргыз айыл чарба институтунун гидромелиорация жана жерди пайдалануу факультетинин кафедра жетекчиси, деканы болуп иштеген. Алжир Демократиялык Республикасында иштеген.

Тоолуу аймактардагы автоматташтырылган суу алуу гидротехникалык түйүндөрүнүн адиси. Анын бардык иштеп чыккан долбоорлору Кыргыз Республикасындагы суу чарба объектилерине киргизилген.

“Узак мөөнөттүү адал эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон.

110дан ашык илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 4 монография, 19 окуу-методикалык колдонмо, 10дон ашык илимий-методикалык эмгек, 32 ойлоп табуунун автору.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Суу алуу курулушу. Автордук күбөлүк № 1137148,1985.
2. Тоолуу суу алуу түйүндөрү үчүн жогорку бьефтин деңгээлин автоматтык жөнгө салуучу. Автордук күбөлүк №1267372,1986.
3. Суу агымдын энергиясын басаңдатуучу. Автордук күбөлүк № 1447970,1988.
4. Суу агымын стабилдештирүүчү клапан. Россия Федерациясынын патенти №2029025,1995.
5. Гидротехникалык курулуштан мурун насосторду жуу үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1006584,1984.
23-10-2017, 22:07
Вернуться назад