
Мухутдинов Камалитдин
1940-жылы туулган. Ленинграддагы так механика жана оптика институтун «Радиоаппаратураны конструирлөө жана өндүрүү» адистиги боюнча аяктаган.
“Физприборлор” заводунда, ВНИИКМАСта автоматташтырылган башкаруу системалары лабораториясында илимий кызматкер болуп иштеген. Анын жетекчилиги астында атайын конструктордук бюродо: радиодеңгээлдиктер, радиотелеметрия боюнча маалыматтарды топтоо системалары, гидромелиоративдик системалар үчүн локалдык автоматташтыруу каражаттары, суу деңгээлин өлчөө методдору иштелип чыккан.
Иштелип чыккан технологиялар Ат-Башы магистралдык каналында, Туш каналында, ВБЧК, ЗБЧК, тоо өнөр жайынын айрым локалдык объектилеринде, Краснодар крайында, Саратов облусунда, Симферопольдо, Аму-Дарья дарыясындагы Тахиаташ гидроузелинде, Чоң Алматы-Алматин каналындагы курулуштарда колдонулган. Стационардык дубалдык жана жердеги жылытуучулар Талас мектептеринде, “Манас” аэропортунда колдонулууда.
Учурда НАН КРнын Автоматтандыруу институтунда «Автоматтык башкаруу системалары» лабораториясында улук илимий кызматкер болуп иштейт.
Илимий изилдөөлөрдүн чөйрөсү: электр энергиясын автоматтык эсепке алуу жана көзөмөлдөө системалары.
12 патенттин автору.
Негизги патенттер:
1. Электр жылытуучу. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №68, 1996.
2. Жаңбыр машинасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №292, 1999.
3. Жел электр станциясы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №354, 1999.
4. Тордук зымдан жасалган торду даярдоо ыкмасы жана аны ишке ашыруу үчүн түзүлүш. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №399, 2000.
5. Токтун интегралын өлчөөчү түзүлүш. Заявительдин жоопкерчилигиндеги патент КР №1054, 2008.