
Сартова Кулумкан Абдыкеримовна
Химия боюнча кандидат, доцент. 1952-жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик аялдар педагогикалык институтун аяктаган.
Көмүр химиясы боюнча адис. Ал бензолполикарбон кислоталарын алуу максатында көмүрдүн оксиддолгон, термо- жана термокаталитикалык деструкция процессин системалуу изилдөө жүргүзгөн, бул материалдар термо- жана радиацияга туруктуу полимердик материалдарды алуу үчүн келечектеги сырьё болуп саналат.
Коавторлук менен 65 илимий эмгек, 3 методикалык пособие, 1 монография жарыяланган. 6 ойлоп табуунун автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Антимикробдук активдүүлүккө ээ ди(гексаметалентетрамин) меллитат. Автордук күбөлүк № 1137738,1982.
2. Антимикробдук активдүүлүккө ээ меллитат гексагидразин. Автордук күбөлүк № 1258043,1986.
3. Пиромеллит кислотасын алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк №1391033,1988.
4. Меллит кислотасын алуу ыкмасы. Алдын ала патент КР № 141,19%.
5. Активдештирилген көмүрдү алуу ыкмасы. Патент арыз берүүчүдүн жоопкерчилиги менен КР№ 869,2006.