
Сарымсаков Шайдылда Сарымсакович
Химия боюнча илимдин кандидаты. 1932-жылы туулган. Орта Азия политехникалык институтунун химия-технология факультетин аяктаган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунун «Биофизикалык химия» лабораториясында башкы илимий кызматкер болуп иштейт.
Химия жана химиялык технология тармагында адис. Ишинин негизги багыты — көмүрдүн комплекстүү пайдалануу ыкмаларын өнүктүрүү, көмүрдүн структурасын термикалык жана термокаталитикалык модификациялоо ыкмаларын иштеп чыгуу, бензол-поликарбон кислоталарын алуу үчүн жаңы муундагы термо- жана радиацияга туруктуу полимерлерди өндүрүү, оксидделген көмүр негизинде гумин кислоталарын, өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана өнүгүшүн стимулдаштыруучу заттарды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана экологиялык жактан таза продукцияны эрте алуу үчүн жогорку натыйжалуу гумин тыңайткычтарды алуу технологиясын изилдөө жана иштеп чыгуу.
Көмүр химиясы боюнча илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары Түштүк геологиялык изилдөө партиясында, Түндүк геологиялык изилдөө партиясында колдонулган.
180ден ашык илимий эмгектер жарыяланган, алардын ичинен 1 монография, 4 брошюра, 15тен ашык ойлоп табуулардын автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Меллит кислотасын алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 734189,1980.
2. Эйхрон кислотасын алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 809836,1981.
3. Пиромеллит кислотасын алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1391033,1988.
4. Антимикробдук активдүүлүккө ээ гексагидразин меллитагы. Автордук күбөлүк № 1258013,1986.
Меллит кислотасынын гексахлорангидридин бөлүп алуу ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти №121,1997.