
Стручалина Тамара Ивановна
Химия боюнча илимдердин кандидаты. 1938-жылы туулган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунда «Органикалык чийки затты конверсиялоо химиялык технологиясы» лабораториясынын жетекчиси болуп иштеген, РАНнын хроматография боюнча илимий кеңешинин мүчөсү, КыргызСНИОнун вице-президенти, Менделеев атындагы химия коомунун вице-президенти болгон.
Техникалык иштеп чыгуулардын негизги багыты: табигый объекттерден аминокислоталарды бөлүп алуу жана тазалоо; органикалык калдыктарды биохимиялык жана физика-химиялык ыкмалары менен трансформациялоо.
Анын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштер СССРдин Мамлекеттик программаларына киргизилген. Аминокислоталарды алуу боюнча комплекс технологиялары өндүрүшкө киргизилген.
Көптөгөн иштеп чыгуулар жана экспонаттар Эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүлгөн. Иштери көргөзмөлөрдүн дипломдору, СССРдин ВДНХсынын алтын жана коло медалдары менен сыйланган, СССРдин ВОИРинин сыйлыгынын лауреаты.
200 илимий эмгек жарыяланган, 27 ойлоп табуу автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Аминокислоталарды өндүрүүдө культуралык суюктукту иштетүү ыкмасы. Автордук күбөлүк № 652210, 1978.
2. Хлортетрациклин өндүрүүчү өсүмдүктү өстүрүү үчүн азыктык чөйрө. Автордук күбөлүк № 731818, 1980.
3. Аминокислоталарды өндүрүүдөн калган калдыктардан азыктык кошулма алуу ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1084003, 1984.
4. Өсүмдүктөрдүн өсүшүн стимулдаштыруучу затты алуу ыкмасы. Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала патент № 472, 2001.
5. Тери ооруларына каршы «Гумисоль» каражаты. Заявительдин жоопкерчилиги боюнча патент КР № 916, 2006.