
Сулайманов Жаныш Дайырович
Медициналык илимдердин кандидаты. 1960-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин жана травматология, ортопедия жана ВПХ кафедрасында клиникалык ординатураны аяктаган.
1997-жылы Астана шаарында «Коксартроздун оор формаларын артродезирлөө жолу менен хирургиялык дарылоо» темасында кандидаттык диссертациясын коргогон.
Азыркы учурда БНИЦТОнун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштейт.
73 макала жана тезис жарыяланган, 6 патенти жана 8 рационализатордук сунушу бар.
Негизги ойлоп табуулар:
1. Белдин спондилолистезин дарылоонун жолу. Кыргыз Республикасынын патенти № 796,2005.
2. Белдин нестабилдүү остеохондроз формаларын дарылоонун жолу. Кыргыз Республикасынын патенти № 792,2005.
3. Бедренин проксималдык бөлүгүнүн сынууларын остеосинтездөө жолу. Кыргыз Республикасынын патенти № 834,2005.
4. Белдин корпородезин жүргүзүү жолу. Кыргыз Республикасынын патенти № 835,2005.
5. Посттравматикалык стеноздордо позвоночник каналынын интраканалдык кеңейтүү жолу. Кыргыз Республикасынын патенти № 847,2005.