Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Токтонасаров Жумадил Минбаевич

Токтонасаров Жумадил Минбаевич

Токтонасаров Жумадил Минбаевич

Токтонасаров Жумадил Минбаевич



1952-жылы туулган. Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курчу факультетин аяктаган.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин илимий кызматкери.

Зилзала статистикалык теориясы, стохастикалык сейсмостойкость теориясы, кинематикалык сейсмостойкость теориясы, катуу дененин чыңалуу-деформациялык абалынын атомистикалык теориясы, жаңылануучу энергия булактарынын теориясы жана алардын инженердик практикада колдонуу методдору боюнча адис. Бул багытта альтернативдүү энергия булактары боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

18 илимий эмгек, 11 эл аралык конференцияда доклад жарыяланган, 21 ойлоп табуунун автору.

Ишке ашырылган негизги ойлоп табуулар:

1. Сейсмостойктуу имараттын фундаменттери. Автордук күбөлүк № 1620545, 1991-жыл.
2. Имараттарды жана курулуштарды сейсмоизоляциялоо ыкмасы. Кыргыз Республикасына алдын ала патент № 153, 1997-жыл.
3. Сейсмостойктуу имараттын фундаменттери. Кыргыз Республикасына патент № 71, 19%.
4. Сейсмостойктуу имараттын негиздери. Кыргыз Республикасына алдын ала патент № 152, 1997-жыл.
5. Сейсмостойктуу имарат. Кыргыз Республикасына алдын ала патент № 403, 2000-жыл.
4-11-2017, 22:21
Вернуться назад