
Тургунбаев Женишбек Жумадилович
Техникалык илимдердин доктору, профессор, Эл аралык транспорт академиясынын академиги. 1950-жылы туулган.
1973-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. Кыргыз архитектура-курулуш институтунда, Ош технологиялык университетинде жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ассистент, улук окутуучу, декан, проректор болуп иштеген. Учурда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Машиналарды конструирлөө негиздери» кафедрасынын жетекчиси жана Физика-техникалык маселелер боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчиси. Курулуш механизациясы жана жолдорду жакшыртуу боюнча адис. Илимий изилдөөлөрдүн чөйрөсү: тоо шарттарына ылайык технологиялык жана транспорттук машиналарды жакшыртуу.
Москва шаарында «Эң мыкты жаш рационализатор» дипломун, «СССРдин ойлоп табуучусу» жана «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» белгисин алган. Кыргызстан боюнча «Тынчтык үчүн илим» программасы боюнча НАТО долбоорунун тең директору. Фулбрайт программасы боюнча АКШда илимий стажировкадан өткөн.
Анын жетекчилиги астында 3 докторлук жана 10 кандидаттык диссертация коргоп чыккан. 180ден ашык илимий эмгектери жарыяланган, 35тен ашык ойлоп табуулардын автору, 7 монография жана окуу куралдарынын автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Жер казуучу машиналардын иштөө органы. Автордук күбөлүк №594254, 1978.
2. Бульдозер-террасер. Автордук күбөлүк №1640293, 1991.
3. Гидростатикалык басымды түзүү ыкмасы жана аны ишке ашыруу үчүн түзүлүш. Автордук күбөлүк №1723268, 1992.
4. Топуракты суу астында кесүү үчүн стенд. Автордук күбөлүк №1723269, 1992.
5. Океандын түбүнөн пайдалы кендерди чогултуу үчүн агрегат. Автордук күбөлүк №1773114, 1993.
6. Bульдозердин иштөө органы. Патент КР № 936, 2007.