Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Усубалиев Женишбек

Усубалиев Женишбек

Усубалиев Женишбек

Усубалиев Женишбек



Техникалык илимдердин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы.

1942-жылы туулган. 1966-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машиналарды изилдөө институтунун «Таш казуучу комплекстер» лабораториясынын жетекчиси, Кыргыз мамлекеттик уулуу-металлургия институтунун профессору болуп иштейт.

Негизги илимий ишмердүүлүгү гидравликалык жетектеги машиналарды изилдөөгө багытталган. Анын катышуусунда ар түрдүү машиналардан 10дон ашык үлгүлөр түзүлүп, илимий-техникалык көргөзмөлөрдө көрсөтүлгөн. СССРдин ВДНХсынын күмүш медалынын ээси (1978).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. 73төн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография, 2 машина жана механизмдер теориясы боюнча окуу китеби, 19 ойлоп табуу автору. Чет өлкөлөрдө 7 патенти бар.

Негизги ойлоп табуулары:

1. Урук-айланма аракеттеги машиналар. Автордук күбөлүк № 735762,1980.
2. Гидравликалык перфоратор. Автордук күбөлүк № 810952,1981.
3. Урук механизм. Швециянын патенти № 8204545,1984.
4. Курулуш буюмдарын формалоо үчүн пресс. Автордук күбөлүк № 1738664,1992.
5. Саман кирпичтерин чыгаруу үчүн машина. Автордук күбөлүк № 1759628,1992.
7-11-2017, 18:42
Вернуться назад