
Чалов Павел Иванович
Техникалык илимдердин доктуру, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмери, Кыргыз ССРинин илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
1923-жылы туулган. 1951-жылы Казак мамлекеттик университетин, 1954-жылы аспирантураны аяктаган.
Лабораториянын жана бөлүмдүн жетекчиси, бөлүмдүн академик-секретары, Президиумдун башкы илимий секретары, Кыргыз Республикасынын НАНнын вице-президенти болуп иштеген.
Геофизика жана геохимия тармагындагы адис.
Улуу Ата Мекендик согуштун ордендери, Кыргыз Республикасынын Манас 3-дептегиси, Почет белгиси, СССРдин медалдары менен сыйланган.
200дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монографиясы жарыяланган. 5 ойлоп табуунун автору.
Негизги илимий эмгектери жана ойлоп табуулары:
1. «Уран-234 жана уран-238дин табигый бөлүнүү көрүнүшү» илимий ачылышы. № 163, 24.07.1975те катталган.
2. Табигый урандын изотоптук фракционирлөөсү - Ф.: Илим, 1975.
3. Таштардын суу өткөрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмасы. Автордук күбөлүк № 92-0607, 1982.
4. Жер силкинүүнүн убагын болжолдоо ыкмасы. Автордук күбөлүк № 132595, 1985.
5. Курчоочу белтиктерди бириктирүү. Автордук күбөлүк № 1295082, 1987.