Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Акылбеков Искендер Кадырбекович (1954)

Акылбеков Искендер Кадырбекович (1954)

Акылбеков Искендер Кадырбекович (1954)


Акылбеков Искендер Кадырбекович (1954), медициналык илимдердин доктору (1993), профессор (1998)

Кыргыз. Фрунзе шаарында төрөлгөн. КГМИни (1978) жана аспирантураны (1984) бүтүп, АМН СССРдин докторантурасын (1990) аяктаган.

КГМИде клиникалык ординатор, ДКБ №3тө хирург-доктор, ассистент, проректор, 1996-жылдан тартып - КГМАнын ректору болуп иштеген. Хирургия боюнча адис.

Польша академиясынын жана Альберт Швейцер атындагы эл аралык академиянын академиги. 70тен ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн.

Анын жетекчилиги астында 2 докторлук жана 3 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Шилдек безинин түйүндөрү (авторлоштук менен). Бишкек, 2000.
2. КГМАдагы жогорку медициналык билим берүүнү реформалоонун кээ бир аспектилери. Инновациялык методдор медицинада, фармацевтикада жана саламаттыкты сактоодо. Илимий иштеп чыгуулар. Бишкек, 1998.
3. Хирургиялык инфекциянын тарыхый шолу (авторлоштук менен). Бишкек-Новосибирск, 1999.
4. Лазердик терапиянын жаңы аспектилери (авторлоштук менен). Бишкек, 2000.
5. Диабеттик бут (авторлоштук менен). Азербайжан Республикасынын М3, НЦХ, Бишкек, КГМА, 2000.
16-09-2014, 20:47
Вернуться назад