Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Кашгари Махмуд

Кашгари Махмуд

Кашгари Махмуд


Кашгари Махмуд, Хусейндин уулу, Мухаммеддин небереси - Караханиддер каганатынын түрк-мусулман ренессансы доорунун илим жана маданият өкүлү. 1029-1038-жылдар чамасында Ысык-Көлдүн Барскан шаарында (азыркы Жети-Огуз районундагы Барскоон айылында) Караханиддердин жергиликтүү башкаруучусунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1077-жылдан кийин дүйнөдөн өттү. Барскан, Кашгар жана башка мусулмандар билим борборлорунда билим алган.

1072-1077-жылдар аралыгында араб тилинде «Диван лугат ат-тюрк» - «Түрк тилдеринин сөздүгү» аттуу энциклопедиялык эмгегин жазып, Тенгри-Тоо элдеринин дүйнө түшүнүгүн чагылдырган оригиналдуу тегерек дүйнө картасын кошумчалаган.

«Диван» түрк элдеринин Караханиддер каганатынын гана эмес, башка түрк этносторунун да терминдери, макал-лакаптары, ырлары, эпикалык баяндардын үзүндүлөрү менен байытылган, түрк дүйнөсүнүн грамматикасын, фольклорун, этнографиясын, тарыхый географиясын, ономастикасын ар тараптуу изилдеген эмгек болуп саналат.

Башка лингвистикалык эмгек - «Түрк тилдерине байланыштуу синтаксистин негиздери» - бизге жеткен жок.

Кашгари Махмуд


Бул кириш сөздү түрк жана англис тилдеринде окуп жатып, 11-кылымдагы түрколог-энциклопедисттин илимий чыгармачылыгынын маржаны болгон бул китептин тагдырына таң калбай коюу мүмкүн эмес.

Автордун кол жазмасы 200 жылдан кийин (1260-жылы) Дамаскта Мухаммед ибн Абубекр ас-Сави тарабынан каллиграфиялык түрдө көчүрүлгөн. 8 кылым бою Кичи Азияда кереметтүү түрдө сакталган бул китептин жалгыз нускасы азыр Стамбулдагы Улуттук китепканада сакталууда; ал 1915-жылы түрк окумуштуусу Али Эмири тарабынан табылган. 1941-жылы Түркиянын тил таануу коомдоштугу биринчи жолу Бесим Атала тарабынан даярдалган факсимильдик басылманы чыгарган.

Китептин экинчи (түстүү) факсимильдик басылышы 1990-жылы Түркиянын маданият министрлиги тарабынан чыгарылган.
17-07-2014, 22:04
Вернуться назад