Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Атаке баатыр

Атаке баатыр

Атаке баатыр


XVIII - XIX кылымдардын ортосунда жашаган. Бул өз элине кызмат кылуу ишинде өзгөчө үлгү болгон белгилүү инсан эле.

Атаке баатыр кыргыз жерлерин жунгаро-калмак баскынчылыгынан бошотуу үчүн башында туруп, элдин Ала-Тоо жерине кайтып келишин тездетүүгө аракет кылган. Ата-бабалардын салттарын улантып, ал кыргыз урууларын бириктирип, жаштарды аскердик ишке үйрөтүп, мекенине кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп турган.

Россия мамлекетине достук мамилелерди бекемдөө үчүн ал 1785-жылы өз элчилерин ушул өлкөгө жиберген. Бул кыргыз мамлекетинин келечектеги өнүгүүсүнө жана гүлдөөсүнө жасалган алгачкы кадам болду. Атаке баатырынын дипломатиялык иш-аракети Екатерина-II тарабынан жогору бааланып, ал ага эстелик белги тапшырган.

Башчынын акыл-эси менен баатырдын коркпостугу эркиндик жана кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө толугу менен берилген. Азыркы муун Атаке баатырынын эмгегин унутпашы керек. Ал — элдик баатыр, анын өмүрү бардык муундар үчүн үлгү болуп саналат.

Атаке баатыр
27-08-2014, 19:52
Вернуться назад