
Байжиев Ташым (1909-1952) - адабиятчы, фольклорист, котормочу жана жазуучу. Иссык-Куль облусунун Аксуй районундагы Тепке айылында төрөлгөн.
Фрунзе мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин (1940) аяктаган.
Алай районундагы балдар үйүнүн директору, Жалал-Абад педагогикалык техникумунун директору, илимий кызматкер, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын фольклор жана «Манас» секторунун жетекчиси болуп иштеген.
Ал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана майып болгон. 1950-жылы репрессияга учурап, 1952-жылы түрмөдө көз жумган, 1955-жылы реабилитацияланган.
«Манас», «Семетей» эпостору боюнча баяндоолор, повесть, драма, илимий жана сын макалалары жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Эне тили, (биргелешип). Фрунзе, «Киргосиздат», 1933.
2. Кыргыз тили. 3-класс үчүн (биргелешип) Фрунзе, «Киргосиздат», 1935.
3. Орфографиялык сөздүк (биргелешип). Фрунзе, «Киргосиздат», 1938.
4. Биздин адабият. 5-класс үчүн (биргелешип). Фрунзе, «Киргосиздат», 1941.
5. Биздин адабият. 8-класс үчүн (биргелешип). Фрунзе, «Киргосиздат», 1949.