
Адамалиев Кубанычбек (1947), медициналык илимдердин доктору (1995), профессор (1996)
Кыргыз. Нарын облусунун Кочкорка айылында төрөлгөн. КГМИни (1971) жана ошол жерде аспирантураны (1976) аяктаган.
Клиникалык ординатор, Бишкек шаарынын ДКБ №3 хирург-даргери, ассистент, доцент, 1996-жылдан тартып - КГМАнын балдар хирургиясы кафедрасынын профессору болуп иштеген.
Балдар хирургиясы боюнча адис. 120дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 9 окуу куралы жарыяланган.
Анын жетекчилиги менен 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Балдардагы сепсис боюнча социалдык проблемалар жана актуалдуу маселелер. Бишкек, 1993.
2. Балдардагы сепсистин инфузиондук терапиясы. Методикалык сунуш. Бишкек, 1993.
3. Балдардагы череп-ми травмасы. Методикалык сунуш. Бишкек, 1998.
4. Бир күндүк балдар хирургиялык стационары, анын уюштурулушу жана структурасы. Методикалык сунуш. Бишкек, 1998.
5. Балдардагы перитониттер. Методикалык сунуш. Бишкек, 1998.