
Айдарбекова Зифаргуль Мусулманкуловна (1950), медициналык илимдердин доктуру (1998)
Кыргызстанда. Фрунзе шаарында төрөлгөн. КГМИни аяктаган. 1998-жылдан бери морфология адаптациялары лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт. Морфология, электрондук микроскопия боюнча адис. 30дан ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Гистология, эмбриология жана цитология боюнча практикалык сабактарга методикалык колдонмо. I-II курс студенттери үчүн. 1-бөлүк, 2-бөлүк. Фрунзе, 1982, 1983.
2. Ар түрдүү бийиктиктердеги экстремалдуу шарттарда узак мөөнөттүү суу жетишсиздигинде бөйрөктөрдүн ультраструктурасы. Авиакосм жана экологиялык медицина. Москва, 1997. №6, б. 68-69.
3. Орто жана бийик тоолордо катуу массалык кан жоготууда бөйрөктөрдүн ультраструктурасы. Авиакосм жана экологиялык медицина (авторлоштук менен). Москва, №3. б. 48.
4. Бийик тоолордо узак мөөнөттүү ачкачылык шартында бөйрөктөрдүн ультраструктуралык өзгөрүүлөрү. Өзбекстандын медициналык журналы, 1997. №8-107. б. 155-158.
5. Бийик тоолордо экстремалдуу шарттардагы бөйрөктөрдүн ультраструктуралык өзгөрүүлөрү. ЦАМЖ, 2001, б. 137-138.