Информационно-туристический интернет-портал «OPEN.KG» / Акматалиев Абдылдажан Амантурович (1951)

Акматалиев Абдылдажан Амантурович (1951)

Акматалиев Абдылдажан Амантурович (1951)


Акматалиев Абдылдажан Амантурович (1951), филология илимдеринин доктору (1991), профессор (1991), НАН КРнын корреспондент-мүчөсү (2001), илим жана техника тармагында КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000)

Кыргыз. Нарын шаарында төрөлгөн. КГУнун (1977) бүтүрүүчүсү.

ОГПИде окутуучу, КГУда стажёр-окутуучу, илимий кызматкер, НАН КРнын ИЛИнин директору, 1995-жылдан тартып - Манас таануу жана көркөм маданияттын Улуттук борборунун директору болуп иштеген.

Филология, адабият жана жазуучулук чеберчилиги боюнча адис. Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги, Калифорния академиясынын (1997) мүчөсү, Сока Гамай университетинин (Япония, 2001) ардактуу доктору. СССРдин медалы менен сыйланган.

Кыргызстандын Лениндик комсомолунун илим жана техника тармагындагы сыйлыгынын лауреаты (1983). КРнын эмгек сиңирген илимпозу (1999). 250дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 20 монографиясы жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында 8 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Чингиз Айтматов: жашоосу жана чыгармачылыгы. Фрунзе, «Мектеп», 1991.
2. Чингиз Айтматов жана адабияттардын өз ара байланыштары. Фрунзе, «Адабият», 1991.
3. Ч.Айтматовдун чыгармачылык активдүүлүгүнүн улуттук адабияттарды өз ара байытуудагы мааниси. Бишкек, «Илим», 1994.
4. Айтматов энциклопедиясы. Бишкек, «Илим», 1994.
5. Көркөм адабият жана тарыхый инсандык. Бишкек, 1999.
4-09-2014, 17:33
Вернуться назад