
Орус. Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында төрөлгөн. КСХИни (1954) аяктаган. ИБФ НАН КРда жаш илимий кызматкер, илимий катчы, директордун орун басары, директор болуп иштеген.
Жаныбарлардын физиологиясы жана биохимиясы боюнча адис. СССРдин медалдары, Грамота, КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. КРнын эмгек сиңирген илим ишмери (1991). 150дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 1 доктордук жана 4 кандидаттык диссертация коргогон.
Негизги эмгектери:
1. Теленин тамактануусундагы аминокислоталар. Фрунзе, «Илим», 1981.
2. Сүт берүүчү уйлардагы зат алмашуу жана энергия, тамактануу протеининин сапатына жараша (автордук биргеликте). Фрунзе, «Илим», 1991.
3. Теленин аминокислоталык тамактануусу боюнча сунуштар (автордук биргеликте). Фрунзе, «Илим», 1979.