
Дербишева Замира Касымбековна (1952), филология иликтөөлөрүнүн доктору (2002).
Кыргызка. Фрунзе шаарында төрөлгөн. Воронеж мамлекеттик университетин (1974) жана МГУнун аспирантурасын (1978), КГНУнун докторантурасын (1996) аяктаган. Окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, КГНУнун орус филологиясы факультетинин деканы болуп иштеген, 2002-жылдан бери КТУ «Манас» университетинин профессору.
Салыштырма тил илими боюнча адис. 50дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Орус жана кыргыз тилдериндеги баштеманын функционалдык-семантикалык талаасы. «Орус жана кыргыз тилдеринин салыштырма-типологиялык изилдөөлөрү» жыйнагында. Фрунзе, 1988.
2. Сөз формасы түшүнүгү ар түрдүү типтеги тилдерде. «Социалдык жана гуманитардык илимдер» журналында, 1998, №1.
3. Функционалдык-семантикалык талаалардын типологиясы. «Кыргызстандагы орус тили» жыйнагында. 2-басылыш. Бишкек, 2000.
4. Орус жана кыргыз тилдеринин контрастивдик морфологиясынын теориялык негиздери. Бишкек, 2000.