
Джекшенкулов Аликбек (1957), саясий илимдердин доктору (2000).
Кыргыз. Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. Киев шаарындагы Украин айыл чарба академиясын (1980) аяктаган.
Аламедин райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы, Кыргызстандын ЛКСМ борбордук комитетинин катчысы, Ош облустук комсомол комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн структураларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары, 2000-жылдан тартып - Австрия, Чехия, Словакия, Венгрия, Израильдеги Кыргыз Республикасынын Чрезвычайный жана Толук ыйгарымдуу элчиси, Венадагы ОБСЕ, БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп иштеген.
Ортолук Азия мамлекеттеринин тышкы саясаты боюнча адис. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган (1996). Кыргыз Республикасынын Чрезвычайный жана Толук ыйгарымдуу элчисинин наамына ээ (2000). 50дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Эл аралык экономикалык байланыштардын Кыргыз Республикасынын экономикалык структурасын калыптандырууга тийгизген таасири. Бишкек, 1996.