
Джуманазарова Асылкан Зулпукаровна (1952), химия боюнча илимдердин кандидаты (1982), профессор (2002), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000).
Кыргызстанда. Ош облусунун Узген районунун Мирза-Аки айылында төрөлгөн. КГУну (1974) жана Н.Д.Зелинский атындагы ИОХ аспирантурасын (Москва, 1981) аяктаган. ИОХ АН Кыргыз ССРде улук лаборант, улук инженер, илимий кызматкер, жетекчи лабораториянын башчысы, ВАК КРнын жетекчи эксперти, 1996-жылдан тартып НАК КРнын бөлүм башчысы болуп иштеген.
Физикалык жана органикалык химия боюнча адис. И.Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты (2002). 70тен ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 окуу китеби, 2 биобиблиографиялык справочник жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 1 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргызстандагы илимде ким бар: Кыргызстандын илимдеринин докторлорунун кыска библиографиялык справочниги (биргеликте). Бишкек, Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1997.
2. Химиялык байланыш жана заттардын түзүлүшү (биргеликте). Бишкек, 1998.
3. Компьютердик технологиялар колдонуучунун көз карашы менен (биргеликте). Бишкек, Госаязык жана энциклопедия борбору, 1999.
4. Физикалык химия (биргеликте). Бишкек, «Ростра», 2000.
5. Quantum chemical analysis 77Se chemical shifts in condensed selenophenes (биргеликте). Chem. scripta. 1982, 19, 75-77.