
Дуйшемалиев Таштан (1923)
,тарых илимдер боюнча доктор (1967), профессор (1974)
Кыргыз. Фрунзе облусунун Кант районундагы Карагай-Булак айылында төрөлгөн.
Киргоспединститутту (1950) аяктаган.
КСХИда жаш илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, профессор, ИИ НАН КРда жетекчи илимий кызматкер болуп иштеген. Кыргызстандын агрардык тарыхы боюнча адис.
СССРдин медалдары менен сыйланган.
100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 8 монографиясы жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында I кандидаттык диссертация коргогон.
Негизги эмгектери:
1. КПССтин Кыргызстандын колхоздорун бекемдөө үчүн күрөшү. Фрунзе, 1959.
2. Кыргызстандын айыл чарбасын коллективдештирүүнүн тарыхы боюнча очерктер. Фрунзе, 1965.
3. Кыргызстандын советтик дыйкандарынын тарыхы. Фрунзе, 1972.
4. Кыргызстанда Лениндин кооперативдик планын ишке ашыруу. Фрунзе, 1976.
5. Лениндин агрардык саясатынын жеңиши. Фрунзе, 1987.