
Дыйканов Карбоз (1922-1999)
,филология иликтөө боюнча кандидат (1954), профессор (1989)
Кыргыз. Добетпай айылында, Пишпек уездинин Бакинская волостунда туулган.
Киргоспединститутту (1946) жана СССРдин илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын тили, адабияты жана тарыхы институтунун аспирантурасын (1954) аяктаган.
СШда мугалим, Киргоспединститутта ассистент, Кирг. ФАН СССРде м.н.с., Киргос. заочное пединститутунда кафедра башчысы, КЖПИде декан, КГУда старший окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессор болуп иштеген.
Кыргыз тилинин тарыхы, салыштырмалуу фонетика жана түрк тилдеринин лексикасы боюнча адис.
Кызыл Жылдыз, Отечественная согуш II даражадагы ордендери, СССР жана КР медалдары менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими. 120дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 сөздүк, 4 монография, 3 жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби жарык көргөн.
Анын жетекчилиги астында 6 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз жазуусунун тарыхы (биргелешип авторлук). Фрунзе, 1958.
2. Азыркы кыргыз тили. Фрунзе, 1958.
3. Кыргыз тилинин таблицалары. Фрунзе, 1971. Алма-Ата, 1989 (экинчи басылышы).
4. Кыргыз тилинин тарыхынан. Фрунзе, 1980.
5. Кыргыз тилинин кайтарма сөздүгү. Алма-Ата, 1990.