
Жапаров Шералы (1936),
филология илимынын доктору (1989), профессор (1991)
Кыргыз. Ош облусунун Лейлек районундагы Шор-Булак айылында туулган.
КГУнун (1965) жана ИЯЛ АН Кыргыз ССРинин аспирантурасын (1969) аяктаган.
КГУда ст. окутуучу, доцент, ст. илимий редактор, КСЭ редакциясынын жетекчиси, НАН КРнын ст. илимий редактору болуп иштеген, 1989-жылдан тартып КГПУ им. И.Арабаева кафедрасынын жетекчиси.
Кыргыз диалектологиясы, ономастика, лексикография, библиография боюнча адис.
Б.Юнусалиев атындагы сыйлыктын лауреаты (1994). 300дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 7 монография, 8 окуу китеби жана сөздүктөр жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Азыркы кыргыз тилиндеги синонимдер. Фрунзе, «Мектеп», 1971.
2. Кыргыз ономастикасы. I чыгышы. Фрунзе, «Илим», 1990.
3. Кыргыз антропонимиясы. Бишкек, «Илим», 1992.
4. Кыргыз тили (биргеликте). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Фрунзе, «Мектеп», 1975.
5. Кыргыз тилинин диалектологиясы (биргеликте). Бишкек, «Сабыр», 2001.