
Жекишева Сагын (1948),
техникалык илимдердин доктору (1995), профессор (2001)
Кыргызстанда. Талас облусунун Талас районундагы 40 жыл Октябрь айылында төрөлгөн. Москва кооперативдик институтун (1971) жана Г.В. Плеханов атындагы Москва экономикалык институтунун аспирантурасын (1980), электрокерамика боюнча НИИдеги докторантурасын (Москва, 1995) аяктаган.
КГУда окутуучу, кафедра башчысы, доцент, профессор болуп иштеген, КАСИде кафедра башчысы, профессор, Кыргыз кооперация академиясынын ректору, 2000-жылдан бери - КГУСТАнын профессору, КРдин ойлоп табуучулар жана рационализаторлор коомунун президенти.
Керамикалык материалдар технологиясы боюнча адис.
Халыкаралык Кадрлар академиясынын академиги (Киев, 1997).
КРдин Ардак Грамотасы (1993), Генийлердин 1-Олимпиадасынын медалы (Будапешт, 1998), МКАнын «Илимдеги жетишкендиктери үчүн» алтын медалы (Киев, 1999) менен сыйланган.
90дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 монография жана бир нече окуу китептери жана патенттери жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 3 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз Республикасындагы фарфор таштары - жаңы нетрадициялык керамикалык чийки зат. Бишкек, «Илим», 1994.
2. Кара-Киче глиналарын керамикалык буюмдарды өндүрүүдө колдонуу. Бишкек, «Илим», 1994.
3. Кыргыз Республикасындагы волластонит тоо тектер жана алардын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү. Бишкек, «Илим», 1994.
4. Керамикалык буюмдарды өндүрүү технологиясы. Бишкек, КГНУ, 1993.
5. Алюмосиликаттык керамика технологиясы (автордук биргеликте). Бишкек, «Технология», 2000.